Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Сребреницадагы кыргын боюнча резолюция долбоору макулдашылып бүттү


Элчи Златко Лагумжия.
Элчи Златко Лагумжия.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) аймагында жайгашкан Сребреница шаарындагы 29 жыл мурдагы окуяда каза болгондорду геноциддин курмандыгы катары эскерүү күнүн негиздөө тууралуу резолюциянын тексти макулдашылып бүттү. Бул тууралуу Босния жана Герцеговинанын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Златко Лагумжия билдирди.

Черногория сунуштаган өзгөрүүлөр талкууланып, негизинен кабыл алынганын, алар “документтин ажырагыс бөлүгүнө айланганын” элчи 17-майда X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазып, резолюциянын макулдашылган акыркы варианты 23-майда БУУнун Башкы Ассамблеясына добушка коюларын маалымдады.

1995-жылдын 11-июлунда, 1992-1995-жылдардагы Босния согушунун соңунда, БУУ “коопсуздук зонасы” деп жарыялаган Сребреница анклавынын чет жакасындагы Поточари кыштагында босниялык сербдердин куралчан топтору 8 миңден ашуун босниялык мусулман эркекти, анын ичинде эркек балдарды өлтүрүшкөн. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыргын болгон.

Кыргынды БУУнун Гаагадагы Эл аралык трибуналы мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтеп чыгып, геноцид деп тааныган. 2007-жылы Эл аралык сот бул чечимди тастыктаган.

11-июлду жыл сайын Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөөнү тууралуу Германия жана Руанда сунуштаган резолюцияны АКШ, Франция жана башка өлкөлөр да колдоодо.

Резолюциянын акыркы долбоору Сребреницадагы окуяны геноцид деп тааныбагандарды жана ошол кылмышты жасагандарды даңазалаган аракеттерди айыптайт.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) парламенти Босния согушу маалындагы Сребреница окуясын геноцид эмес деп атаган баяндаманы быйыл 18-апрелде колдогон.

«Геноцид болгон эмес, мындай квалификация четке кагылышы керек. Серб эли эч кандай геноцид жасаган эмес», – деп билдирген парламенттеги сөзүндө босниялык сербдердин лидери, Орусияга ыктаган саясатчы, Серб республикасынын президенти Милорад Додик.

Сербиянын президенти Александр Вучич да БУУда мындай резолюциянын кабыл алынышына каршы күрөшөрүн билдирген. Расмий Белград резолюция Босния жана Герцеговина мамлекети босниялык сербдердин аскердик союздашы болгон Сербиядан репарация талап кылышына негиз болуп бериши ыктымал деп кооптонууда.

Жыл сайын 11-июлда АКШда Сребреницадагы геноциддин курмандыктары эскерилип келет. Эгер резолюция Башкы Ассамблеяда колдоо тапса, эскерүү күнү окуянын 30 жылдыгына карата 2025-жылдан тартып эл аралык деңгээлде уюштурулуп турат.

Токсонунчу жылдардын башында мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улут аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG