Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Кытай Казакстандын эгемендигин коргоо аракетин колдой турганын билдирди


Ван И. Астана. 2024-жылдын 20-майы.
Ван И. Астана. 2024-жылдын 20-майы.

Кытай "Казакстандын өз эгемендигин, өз алдынчалыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоодогу аракеттерин бекем колдоого даяр" экенин бул өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И билдирди.

20-майда Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусунан кийинки билдирүүсүндө Кытайдын башкы дипломаты өлкө башчысы Си Цзинпиндин түндүк-батыштагы коңшусуна колдоо көрсөтүү жөнүндө мына ушундай мазмундагы сөздөрүн бир нече жолу кайталды.

"Кытай казак президенти Касым-Жомарт Токаев демилгелеген бир катар өнүгүү стратегияларын жана маанилүү чараларды колдойт. Бул өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө аракет кылган кайсы гана тышкы күч болбосун, ага чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтөт", - деди И.

Көптөгөн кремлчил саясатчылар жана талдоочулар Казакстан Орусиянын кийинки максаты болушу ыктымал экенин соңку кезде улам ишарат кылып жаткан чакта Кытай жетекчилеринин Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы согуш ачкандан бери Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айткандарын Орусияга багытталган билдирүү катары баалагандар көп.

Өз кезегинде Токаев казак-кытай кызматташтыгын жогору баалап, Кытай Казакстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берерин белгиледи.

Ошол эле күнү казак президенти Астанада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугушуу өткөрдү. Лавров Казакстанга Кытай, Индия, Иран, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы саясий мекемелеринин башчылары менен катар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.

ШКУнун президенттеринин саммити Астанада 3-4-июль күндөрү өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG