Орусияда “мамлекетке чыккынчылык” деген айып менен кармалган дагы бир окумуштуу соттолду. Санкт-Петербург шаарынын сотунун 21-майдагы өкүмү менен 77 жаштагы физик Анатолий Маслов 14 жылга эркинен ажыратылды.
Суюлтулган газ тармагы боюнча эксперт, Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин аэрогидродинамика кафедрасынын профессору 2022-жылы кармалган. Ага күч органдары чет мамлекетке купуя маалымат берген деген айып таккан.
Маслов өзү коюлган айыптарды четке кагууда.
2018-жылдан бери Орусияда “мамлекетке чыккынчылык” деген кине менен кеминде 12 окумуштуу кармалды. Макалаларды эл аралык деңгээлде жарыялоо, башка өлкөлөрдөгү кесиптеш окумуштуулар менен кызматташуу жана эл аралык конференцияларга катышуу сыяктуу ишмердүүлүк илимий чөйрөдө нормалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Орусия кармалган окумуштууларына мындай кызматташтыкты күнөө катары коюп келет. (RK)