Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Орус армиясынын аткылоосунан Сумы облусу электр жарыксыз калды


Харьков облусунун Чугуев шаарында орус армиясынын соккусунан жабыркагандарга жардам берип жаткан куткаруучу.
Харьков облусунун Чугуев шаарында орус армиясынын соккусунан жабыркагандарга жардам берип жаткан куткаруучу.

Орусиянын армиясы 22-майга караган түнү Украинанын аймагын 24 учкучсуз аппарат менен аткылады. Алардын баарынын мизи абадан эле кайтарылганын украин куралдуу күчтөрү билдирди. Маалыматка караганда дрондор Николаев, Днепропетровск, Запорожье, Донецк, Сумы жана Одесса облустарында атып түшүрүлгөн.

Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак билдиргендей, аймакка артиллерия менен да чабуул жасалды. Никополдо жарандык объект жана электр зымдары жабыркаганы маалым болду. Жаракат алгандар жана каза болгондор тууралуу кабарланган жок.

Сумы облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, орус армиясынын чабуулунан Шостка жана Конотоп шаарларында энергообъектилер жабыркады. Орусия бул аймакты дагы артиллерия менен бутага алганы маалым болду. Бир нече калктуу конуш, анын ичинде Сумы шаары электр жарыксыз калды.

Харьков облусуна караштуу Чугуев шаарынын борбордук бөлүгүнө жасалган чабуулдан бала бакча имараты жабыркады. Бир аял жараат алганын Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов билдирди.

Фронтто орус армиясы Харьков багытында чабуулдарын улантууда. Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече калктуу конушту өз карамагына алганын буга чейин билдиргени менен, расмий Киев бышыктай элек. Волчанск шаары үчүн айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.

Украинанын Чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов орус күчтөрү Сумы облусуна да чабуулун күчөтүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Бир катар фото жана видео далилдерге карабай, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул койгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG