Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Норвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт


Швецияда газалыктарды колдоп митингге чыккандар.
Швецияда газалыктарды колдоп митингге чыккандар.

Норвегия, Ирландия жана Испания 22-майда Палестинаны мамлекет катары тааный турганы жөнүндө билдирүү таратышты. Бул кадамды Израил дароо сынга алып, газалыктар кубатташты.

Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере "тааныбаса, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобостугун" билдирди. Маалыматка караганда, чечим 28-майдан баштап күчүнө кирет. Израилдин тышкы иштер министри Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин кеңешүү үчүн деген негизде токтоосуз чакыртты.

Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз карандысыздыгын Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт. Жалпысынан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Арасында Кыргызстан да бар. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да палестин мамлекетин түзүү сунушун колдогон.

"Эки мамлекетти түзүү - палестин жана израил калктарынын коопсуздугун узак мөөнөткө камсыздоонун жалгыз жолу экени айдан ачык",-деп билдирген ал.

2012-жылдан бери Палестина БУУда байкоочу мамлекет макамына ээ. Быйыл 10-майда уюмдун Башкы ассамблеясы Палестинанын укуктарын кеңейтүү боюнча добуш берген.

XS
SM
MD
LG