Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:16

Депутат Мексика түрмөлөрүндө кыргыз жарандары бар-жогун тактоо маселесин көтөрдү


Мексика аркылуу АКШга өтүүгө аракет кылган мигранттар. Архив сүрөт.
Мексика аркылуу АКШга өтүүгө аракет кылган мигранттар. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышев АКШга мыйзамсыз бара жатып Мексика түрмөлөрүндө эки жылдан бери жаткан кыргызстандыктар жөнүндө маалыматы бар экенин айтып, тийиштүү органдарды муну тактоого чакырды. Жакышев бул тууралуу 24-майда “Ишеним” фракциясынын жыйынында айтты.

“Акыркы жылдары Орусиядагы, Казакстандагы, Бишкектеги жүздөгөн кыргыздар Мексика аркылуу АКШга агылып жатат. Мексиканын, АКШнын түрмөсүндө камалып калгандары болууда. Алар деле жыргаганынан чет өлкөгө чыгып жаткан жок. Мексиканын түрмөсүндө эки жылдап жаткан кыргыздар бар экен. Жалгыз эле Орусиядагы мигранттарды эмес, ошол жактарды дагы карасаңыздар”, - деди депутат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу бул боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Соңку 2-3 жылдын ичинде АКШга мыйзамсыз барып иштөөгө умтулган кыргызстандыктардын саны көбөйдү. АКШга барам деп алданып, ара жолдо калган мигранттар да болууда. Америкага жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай артка кайткандар да бар. (TSh)

Америкага агылган мыйзамсыз мигранттардын азаптуу жолу
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:30 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG