Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:05

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жыйыны өтүп жатат


Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жетекчилери менен жолугушуусу. 24-май, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жетекчилери менен жолугушуусу. 24-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШ (көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) мүчө мамлекеттеринин коопсуздук органдары жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен 24-майда Бишкекте жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмат кабарлады.

Жыйында президент Жапаров коопсуздук маселесинде терроризм жана экстремизм көйгөйү курч экенин белгиледи. Ал Кыргызстанда 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынганын, бул коркунуч менен КМШ мамлекеттери биргелешип күрөшүү зарылдыгын айтты.

“Дүйнөдө өсүп жаткан белгисиздик, башаламандык жана чыр-чатактар менен мүнөздөлгөн өзгөрүүлөр, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Москванын жанындагы “Крокус Сити Холлдо” көп сандаган курмандыктар менен коштолгон акыркы трагедиялуу окуялар, атайын кызматтардын ролун, алардын ишин жакшыртуу жана мамлекеттерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү”, - деди Жапаров.

24-майда Бишкекте Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат. Анда коопсуздук чаралары, мамлекеттер аралык кызматташтык, бул жааттагы 2023-жылдагы аткарылган иштер талкууланат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG