Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

ИИМ Таласта үч адамдын өлүмүнүн чоо-жайы жөнүндө маалымат таратты


Канду окуя болгон Айтматов районунун Ак-Башат айылы.
Канду окуя болгон Айтматов районунун Ак-Башат айылы.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун өлүмүнүн чоо-жайы жөнүндө маалымат таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, К.Н жана К.М аттуу бир туугандар мүлк талашып, чырдашкан. 2018-жылы К.Н иниси К.Мга бычак менен кол салып, Кара-Буура райондук сотунун чечими менен “адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси” боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан.

“23-май күнү саат болжол менен 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. Үйүндө, иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун өлтүргөн деп шек саналып жаткан адам 24-майда кармоо учурунда жок кылынганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG