Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:34

Акылбек Жапаров Ашхабадда Түркмөнстандын президенти менен жолукту


Сердар Бердымухамедов жана Акылбек Жапаров.
Сердар Бердымухамедов жана Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ (көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров 24-майда Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Жапаров 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 63 миллион долларды түзгөнүн айтып, экономикалык кызматташтыктын дарамети мындан дагы чоң экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Махтумкули Фраги атындагы маданий сейил бакта чыгаан кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлганына ыраазычылык айтты.

Ошондой эле Жапаров Ашхабадда Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

24-майда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Ашхабадда өтөт. Жыйындын күн тартибинде энергетика, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, химиялык өнөр жай жана зыяндуу калдыктар менен иштөө сыяктуу маселелер талкууланат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG