Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Зеленский саммитте козголо турган үч негизги маселе тууралуу айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцарияда 15-16-июнда өтө турган Тынчтык саммитинде көтөрүлө турган үч негизги маселени атады.

"Биринчиден, бул өзөктүк, энергетикалык коопсуздук. Учурда бизде бир станция, алты блок (Запорожье атомдук электр станциясы тууралуу кеп болууда-ред.) оккупацияланган. Бул Чернобыль кырсыгынан алты эсе ири масштабдагы алаамат болушу мүмкүн экенин бир нече ирет айтканбыз. Техникалык жумушчулар - украиндер, орусиялыктар жетектейт. Биздикилер кулдай иштеп жатат, канчасы өлүү-тирүү экенин билбейм. Украинада 15 блок бар, оккупациялангандарды кошкондо. Орусия күн сайын аёосуз, башаламан соккуларды жасап жаткан ракеталык жана башка соккуларды эске алганда бул олуттуу чакырык",-деди Зеленский 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында.

Ал ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана айырбаштоону эске алган гуманитардык пункттар караларын баса белгиледи.

Зеленский тактагандай, үчүнчү пункттун алкагында бир гана туткундарды айырбаштоо эмес, Орусия күч менен чыгарып кеткен балдардын кайтарылышы да каралат.

Украин президенти Москва лидерлердин бул саммитке келишине тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.

15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Зеленский сунуштаган "тынчтык формуласын" жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.

Зеленский ал саммитте Борбор Азия лидерлерин да көргүсү келерин билдирди.

Европадагы эң ири атомдук станция деп саналган Запорожье АЭСин Орусия кол салуунун алгачкы күндөрү ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.

XS
SM
MD
LG