Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Тоолуу Бадахшанда ондогон кишилер кармалганы кабарланды


Хорогдогу нааразылык акциясы. 2021-жыл, ноябрь. Архивдеги сүрөт.
Хорогдогу нааразылык акциясы. 2021-жыл, ноябрь. Архивдеги сүрөт.

Pamir Inside жана Azda TV басылмалары өз булактарына таянып жазганына караганда, Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү соңку күндөрү Тоолуу Бадахшан автоном облусунун 50дөй тургунун диверсияга шек санап кармап кетти.

Маалыматка караганда, кармоолор 16-майда эле башталган.

"Жамак айылынан кеминде 20, ал эми Андарбактан 15 тургунду кармап, Дүйшөмбүгө алып кетишкен. Ошондон бери алардан дайын жок", - дейт Pamir Inside басылмасына сүйлөп берген тургун.

Azda TV коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кармалгандардын жанынан курал-жабдык табышканын кабарлады. Жергиликтүүлөрдүн пикиринче, рейддердин максаты - аймактагы "таасирдүү лидерлердин жүрөгүнүн үшүн алуу".

Тажикстандын коопсуздук кызматы автоном облустагы кармоолор тууралуу расмий үн каткан жок.

"Медиазона Азия" басылмасы жазгандай, Тоолуу Бадахшандагы рейддер аймактагы кандуу окуялардын эки жылдыгын утурлай жасалган болушу мүмкүн.

Тажикстанда 2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган. Окуяга байланыштуу Жогорку Сот беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Жүздөгөн кишилер камалган.

14-июнда Жогорку Cот Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган. Бул чечим эл аралык уюмдардын сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG