Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:14

АКШ "чет элдик агент" мыйзамынан улам грузин бийлигине санкция салат


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Кошмо Штаттар "чет элдик агент" мыйзамына байланыштуу Грузия менен алакасын караштырат жана өкмөт өкүлдөрүнө санкция салат. Бул тууралуу 23-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

"Грузияда 2024-жылдын октябрь айында өтө турчу шайлоо алдында, учурунда жана андан кийин, дегеле демократиялык жараяндарга жана институттарга тоскоолдук жараткандар АКШга кирүү үчүн виза алуу укугунан ажыратылат. Мындай адамдардын жакынкы үй-бүлө мүчөлөрү дагы ушундай эле чектөөлөргө кабылат", - деп жазылат Мамдепартаменттин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Миңдеген жарандардын каршылыгына карабай грузин парламенти "чет элдик агент" тууралуу мыйзамды 14-майда үчүнчү окууда жактырган. Президент Саломе Зурабишвили документке 18-майда вет койгон. Анткен менен парламентте көпчүлүктү түзгөн "Грузин кыялы" партиясы аны жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Орусиянын мыйзамына окшош деп сынга алынган талаштуу мыйзамга каршы демонстрациялар Грузияда бир айдан бери уланууда.

Жарандык коом, оппозиция бул мыйзам Конституцияга каршы келип, өлкөнүн Евробиримдикке карай алган багытына балта чабарын айтып жатышат. 24-майда да ири каршылык акциялары өтөрү күтүлүүдө.

Буга чейин Financial Times (FT) гезити жазгандай, Евробиримдикке кирген төрт мамлекет - Нидерланд, Эстония, Чехия жана Швеция грузин өкмөтүнүн "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракетине жооп катары Тбилисиге санкция киргизүүнү талап кылып жатышат. Чектөөлөрдүн катарында грузиялыктарга визасыз режимди жоюу сунушу дагы бар.

"Биз дагы эле Грузиянын лидерлери мыйзам долбоорун карап чыгып, өлкөнүн демократиялык, евроатлантикалык умтулуусун алдыга жылдыруу үчүн кадам жасайт деген ниеттебиз",-деп кошумчалады АКШ мамкатчысы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG