Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

Быйыл мыйзамсыз миграцияда жүргөндөргө 14 млн сом айып салынды


Тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн мигранттар. Ысык-Көл.
Тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн мигранттар. Ысык-Көл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Улан Керимкулов “Азаттыкка” берген маегинде быйыл Кыргызстанда мыйзамсыз миграция боюнча 79 факты катталганын билдирди. Ага байланыштуу 81 иш сотко жиберилген, анын экөө өткөн жылдан калган иш.

Ал миграция жаатында жалпысынан 3 357 укук бузуу катталганын, мунун ичинен 2 478 иш чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу экенин жана аларга 14,4 млн сом айып пул салынганын айтты. Бул өткөн жылга салыштырганда 2 млн сомго көп. Андан тышкары быйыл жыл башынан бери 22 адам соттун токтомунун негизинде Кыргызстандан чыгарылган.

Министрлер кабинети ушул жылы чет элдиктерге Кыргызстанда иштөө үчүн берилген квотаны 25 миңге көбөйткөн. Өлкөдө иштөө үчүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен уруксат алган 5 322 чет өлкөлүк бар. Алардын 919у Пакистандын, 514ү Бангладештин, 253ү Индиянын, 540ы Түркиянын, 314ү Өзбекстандык жана 2 203ү Кытайдын жарандары. Калгандары башка өлкөлөрдөн келгендер.

Бишкекте 13-18-майга караган түндөрү чет элдиктер аралашкан окуялардан кийин Кыргызстанда чет жактан келген жарандар боюнча маселе көтөрүлүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG