Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Аннексияланган Крымда ракеталык чабуулдан эки киши набыт болгону кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оруcия аннексиялап алган Крымда 23-майдын кечиндеги ракеталык чабуулдан эки кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу аймактын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксёнов билдирди.

"Ракеталык чабуулдун жыйынтыгында Симферополь районунда эки адам набыт болду"-деп жазды Аксенов өз телеграм-каналына. Ал Алушта районундагы өндүрүш жайы бутага алынганын кошумчалады.

"Крымский мост" телеграм-каналы Алуштанын жанында болгон жардыруулардын видеосун жарыялады. Ал эми "Суспільне" басылмасы бештен көп жарылуу болгонун жазды.

АТЕШ телеграм-каналы Алуштанын жанындагы орус аскер бөлүгү жабыркаганын билдирди.

Ал эми аймактын орусиячыл бийлиги ырастагандай, ракета бош санаторийдин имаратына тийген.

Орусиянын Коргоо министрилиги 24-майга караган түнү Крымда үч ATACMS ракетасынын мизи майтарылганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, Кара деңиздин акваториясында Крым жарым аралын көздөй бараткан үч экипжасыз катер аныкталып, жок кылынган. Киев бул маалыматтар боюнча адаттагыдай комментарий берген жок.

Москва Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканы Орусиянын бир катар аймактары жана оккупацияланган Крым жарым аралы дрондордун чабуулуна кабылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG