Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:29

Бишкекте зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам көрсөткөн бирдиктүү борбор ачылды


24.05.2024. Бишкек
24.05.2024. Бишкек

Бишкек шаарында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге сапаттуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе принцибиндеги борбор ачылды. Бул жерде оор кырдаалга туш болгон аялдар укуктук, медициналык, психологиялык жардам ала алышат. Зарыл болсо соттук-медициналык кароодон өткөрүлөт.

"Зомбулуктан жабыркагандарды колдоонун бирдиктүү терезеси" деген аталышта Борбор Азияда алгачкы ачылган мекемеде аялдарга көрсөтүлчү жардамдар бир жерге бириктирилип, керек болгон бардык мекеменин кызматкерлери нөөмөт менен күнү-түнү иштейт.

Бирдиктүү терезе БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана АКШ элчилигинин колдоосунда ачылды. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, оор кырдаалга туш болгон кыз-келиндер аталган жайда 10 күнгө чейин жашап тура алат.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG