Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Аба ырайы: жаан жаайт


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 25-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG