Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Кыргызстанда ак кунаска биринчи жолу санак жүрүүдө


Кыргызстанда илек-илекке же ак кунаска биринчи ирет санак жүрүүдө. Аны NABU-Кыргызстан уюму ишке ашырууда.

Аталган уюмдун “Мониторинг” бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Сагындыков учурда дүйнө жүзүндө илек-илектерге санак жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, куштарды саноонун биринчи этабы жыйынтыкталды. Кийинкиси күздө болот, ошондон кийин так саны аныкталат.

Илек-илектер негизинен Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун айрым жерлерин байырлайт. Алар саздак талааларга жакын жашап, бака, жылан жана саз жерлердеги башка майда жандыктар менен азыктанышат.

Ак кунасты илимде Ciconia-ciconia деп аташат. Бул куштун бою – 100-120 см келет. Канаттарын жайганда 155-200 см чейин жетет. Салмагы 5 кг чейин барат. Орточо 20 жыл жашайт.

Акыркы жылдары экологдор бул канаттуунун саны азайып баратканын коңгуроо кагып келишет. Адистер буга кургакчылык, дың жерлердин өздөштүрүлүшүн себеп катары көрсөтүшөт.

Илек-илекти кармоого 1952-жылы тыюу салынып, 1975-жылы “Кызыл китепке” киргизилген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG