Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

Орусияда сегиз мигранттын өлүмүнө байланыштуу Өзбекстандын жараны кармалды


Москванын жанындагы Падиково айылындагы өрт тутанган үй.
Москванын жанындагы Падиково айылындагы өрт тутанган үй.

Москванын жанындагы Падиково айылындагы жеке үйдө уюшулган мигранттар үчүн хостелде өрт тутанып, сегиз кишинин өмүрү кыйылды.

Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

РИА Новости агенттиги тиешелүү кызматтарга таянып, тилсиз жоонун чыгышына каминдеги от себеп болушу ыктымал экенин жазды. Маалыматка караганда, хостелдин тургундары иске ууланып набыт болушу мүмкүн.

Shot Телеграм-каналы жазгандай, айрымдары тирүүлөй күйүп кеткен. Бир аял экинчи кабаттан секирип, оор жараат алган. Тергөө комитети кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Москва облусунун прокуратурасы билдиргендей, менчик үйдү 24 жаштагы Өзбекстандын жараны ижарага алып, Орусияда каттоосу жок чет элдиктерди жашатып келген.

Прокуратура мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча иш козгоп, өзбекстандык жаран кармалганын билдирди.

Орусиядагы хостелдерде чыккан өрттөн мигранттар каза болгон окуялар буга чейин да катталган. Былтыр жайда Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн сегиз адам мүрт кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG