Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Баку Армения менен чек арадагы төрт айылга көзөмөл орнотту


Армян-азери чек арасында пайда болгон белгилер. 23-апрель, 2024-жыл.
Армян-азери чек арасында пайда болгон белгилер. 23-апрель, 2024-жыл.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу жаңы макулдашуунун алкагында Баку аймактагы төрт айылга расмий көзөмөл орнотконун 24-майда жарыялады.

Кеп Баганис Айрум, Асаги Аскипара, Хейримлы жана Гызылгаджылы айылдары жөнүндө болууда. Алар мындан ары Азербайжандын Казак районуна карайт.

19-апрелде Армениянын Тышкы иштер министрлиги Баку менен Ереван чек аранын кайсы бир тилкесин демаркациялоо келишимине жетишкенин билдирген. Советтер Союзу учурунда Азербайжанга тийиштүү бул айылдарды 1990-жылдардын башынан бери Армения көзөмөлдөп келген.

Макулдашуу апрель айында жетишилген. Аны эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы алакалардын жакшырышына карай кадам катары сыпатташкан. Чек ара келишимин АКШ, Европа Биримдиги кубаттаган.

Анткен менен Армениянын өзүндө бул макулдашууга каршы митинг башталган. Архиепископ Баграт Галстанян башында турган Еревандагы акциянын катышуучулары өкмөт башчы Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып бир нече күн турушту.

Талдоочулар митингдер армян өкмөтү Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖКУ) оолактап жаткан маалда башталганына көңүл бурушкан.

Соңку отуз жылда эки өлкө Советтер Союзу урагандан кийин этностук армяндар отурукташкан анклавга айланган жана Азербайжандын аймагы деп эл аралык деңгээлде таанылган Тоолуу Карабак үчүн үч жолу согушту. Бул окуялар адам өлүмү менен коштолуп келди.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы кишилер үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG