Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

ЖКга уран иштетүү боюнча документти дароо үч окууда карап берүү сунушталды


Уран иштетүүгө каршы Бишкекте өткөн акция. 2019-жыл.
Уран иштетүүгө каршы Бишкекте өткөн акция. 2019-жыл.

Министрлер кабинети Жогорку Кеңештен Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап берүүнү сунуштады.

Документ парламентке 11-майда түшкөн. Ал биринчи Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринен өтүп, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат.

Мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап берүү тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын өтүнүчү жана документ “Ишеним” фракциясынын 24-майдагы жыйынынын күн тартибине киргизилген.

Фракция лидери Улугбек Ормонов документ 24-майдагы отурумда каралбаганын айтып, бирок үч окуудан кабыл алуу боюнча өкмөттөн сунуш түшкөнүн ырастады.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG