Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Папуа-Жаңы Гвинеядагы жер көчкүдөн 100дөй адам набыт болду


Жер көчкү жүргөн аймакта жакындарын издеген жергиликтүү тургундар. 24-май, 2024-жыл. Папуа-Жаңы Гвинея.
Жер көчкү жүргөн аймакта жакындарын издеген жергиликтүү тургундар. 24-май, 2024-жыл. Папуа-Жаңы Гвинея.

Папуа-Жаңы Гвинеяда 24-майдын таңында жүргөн жер көчкү элүүдөн көп турак жайды басып калды. Өлкө түштүгүндөгү кыштактардын биринде болгон жаратылыш кырсыгында каза болгондордун саны такталууда. Айрым эсептер боюнча, курмандыктар саны жүздөн ашат.

Reuters агенттигине сүйлөп берген жергиликтүү тургун жер көчкү үч жүздөн көп адамдын өмүрүн алышы ыктымал экенин айткан. Алардын арасында өзүнүн бир туугандары да бар. Жергиликтүү медиа каражаттары курмандыктардын санын жүздөн көп экенин жазууда.

Өкмөт башчы Жеймс Марапе кошумча маалыматты тактоо иштеринен кийин жарыяларын билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Каокалам айылында түнкү саат үчтө болгон. Жеринде куткаруучулар иштеп, аман калгандарды издөөнү улантып жатышат.

Папуа-Жаңы Гвинея Тынч океанынын түштүк-батыш тарабында, Австралияга жакын жайгашкан мамлекет. Калкынын саны жети миллиондон ашат. Түзүмү боюнча Конститутциялык монархия катары эсептелип, Британ падышалыгына карайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG