Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:42

Таластагы үч кишинин өлүмүнө шектүү пробациялык каттоодон жакында эле чыккан


Кандуу окуя болгон үйдүн короосу.
Кандуу окуя болгон үйдүн короосу.

Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүүгө шек саналган 48 жаштагы К.Н. ушул жылдын 14-майында пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу каттоодон чыгарылган. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти билдирди.

Мекеме шектүүнү 2023-жылдын 10-мартында Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту пробациялык көзөмөл менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотконун, андан бери эч кандай эскертүү албаганын кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, бир туугандар К.Н. жана К.М. мүлк талашып, чырлашкан. 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.Мге бычак шилтеп, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул факт боюнча, ошол эле жылдын март айында, К.Н. Кара-Буура райондук сотунун өкүмү менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча сегиз жылга абакка кесилген.

2023-жылдын март айында ал пробацияга чыккан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү 24-майга караган түнү өч алуу үчүн инисинин үйүнө барган. Иниси талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурда ал инисинин 27 жаштагы аялын, анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Милиция кызматкерлери аны тоодон кармоо учурунда жок кылган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иликтенип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG