Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Зеленский Путиндин анын легитимдүүлүгү тууралуу айтканына жооп берди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын лидери Владимир Зеленский анын президент катары легитимдүүлүгү тууралуу Орусиянын башчысынын айткандарына жооп берди. Бүгүн 24-майда "Азаттыктын" кыргыз кызматынан жана Борбор Азиядан барган кабарчылар үчүн Украинанын Харьков шаарында уюштурулган брифингде Зеленский бул маселеге украиналыктардын мамилеси тууралуу да айтты:

"Украиналыктар Конституцияны билишет, мыйзамдарды билишет. Орусия Федерациясынын легитимсиз президентинин Украина президентинин легитимдүүлүгүнө байланыштуу билдирүүлөрү, чынын айтканда, кызыксыз. Баары мыйзамдарды окуганды билген адекваттуу адамдар, эгер окуганды билген киши болсо окуп, жыйынтык чыгарат деп ишенем. Бул мени такыр эле тынчсыздандырбайт".

17-майда Орусия президенти Путин Зеленскийдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин анын легитимдүүлүгү тууралуу суроого Украинанын укуктук жана саясий системасы жооп бериши керектигин айтып, бул маселе Орусия үчүн да маанилүү экенин, анткени кайсы бир документке кол коюу үчүн легитимдүү бийлик керектигин кошумчалаган.

Украинада кезектеги президенттик шайлоо быйыл 31-мартта өтмөк, бирок, Баш мыйзамга ылайык, согуштук абал учурунда эч кандай добуш берүү өткөрүлбөйт.

Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский согуш учурунда шайлоо өткөрүү "жоопкерсиздик" болорун айткан.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG