Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Орусияда согушту айыптаган дагы бир активист соттолду


Зульфия Ситдикова. Архивдик сүрөт.
Зульфия Ситдикова. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Татарстан республикасында согушка каршы пикирин ачык билдирип жүргөн активист Зульфия Ситдикова боюнча өкүм жарыяланды. Idel.Реалии жазгандай, 28-майда Татарстандын Жогорку соту аны "9 wая" жана "Нет войне" деген эки жазуулар үчүн шарттуу түрдө эки жылга кести.

Сот активистти «орус армиясын кайрадан жаманатты кылуу» жана «нацизмди реабилитациялоо» деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты.

Прокурор активист аялды үч жыл жатак абакка кесүүнү жана 200 миң рубль айыппул салууну сунуш кылган. Арачылар коллегиясы аны күнөөлүү, жумшак жазага татыктуу эмес деп тапкан.

Зульфия Ситдикова Орусия Украинага кол салгандан бери күч кызматкерлеринин куугунтугуна кабылып келди. 2022-жылдын жайында ал ырчы Олег Газмановдун концертине "No war" деген жазуусу бар кофта кийип барганда айыппул салышкан. Ошол эле жылдын сентябрь айында «терроризмди актоо» деген шек менен тинтүү жүргүзүшкөн, бирок шектүү эч нерсе табышкан эмес.

2023-жылы Ситдикованы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун эстелигинин жанында "9 waя" деген жазуу менен турганда кармап кетишкен. Казан шаарындагы Түбөлүк оттун жанында жаткан "Нет войне" деген жазуу үчүн да активистти айыпташкан.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды жазалоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.

2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» быйыл март айында жазган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG