Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Алматы: Шиңжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар акцияга чыкты


Акциянын катышуучулары. 2024-жылдын 28-майы.
Акциянын катышуучулары. 2024-жылдын 28-майы.

Казакстандын Алматы шаарында жергиликтүү тургундар тобу 28-майда Кытай консулдугунун алдына кезектеги наарызылык акциясына чыгышты. Алар Шиңжаңда көптөн бери абакта жаткан туугандарын бошотууну талап кылышты. Мындай акцияларды үч жылдан бери өткөрүп келгени менен үнүн эч ким укпай жатканын айтышты.

Полиция алардын жолун тороп, консулдуктун имаратына жолотпой койду. Бул жолу да Кытай консулдугу алардын талаптарына жооп берген жок.

Үч жыл мурун бул топто 15тей адам бар болчу. Андан бери кеминде үч жарандын жакындары Казакстанга кайтарылган.

Эл аралык уюмдар Кытайдын Шиңжаң аймагында казак, кыргыз, уйгур жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" камалып турганын айтып келет.

Бээжин Шиңжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атоодо.

Ушул эле күнү Кытайда камалып отурган жакындарынын бошотулушун талап кылгандар АКШда, Ак үй алдында акция өткөрүштү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG