Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Уран казууга уруксат берген долбоор биринчи окууда колдоо тапты


Уран ташы.
Уран ташы.

Кыргызстанда уран казууга жол ачкан мыйзам долбоору 29-майда Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан өттү.

“Уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгарган бул документти өкмөт сунуштаган. Анда бул ириде сейрек кездешкен металлдарды казуу менен өлкө экономикасын көтөрүү үчүн маанилүү болот деген жүйө айтылган.

Айрым депутаттар уран казууга жол ачылса, кесепети оор болорун эскертүүдө. Ал арада Балыкчы шаарында айрым актививисттер бул маселеге байланыштуу жергиликтүү тургундар кирген комиссия түзүү тууралуу президент Жапаровдун убадасынын аткарылышын күтүп жатат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев парламентте мыйзам долбоору тууралуу маалымат берип жатып, анын максаты уран казуу эмес экенине ишендиргенге аракет кылды. Ал бул документ өлкөнүн экологиясы жана экономикасы үчүн керек деп билдирди:

Мелис Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев.

"Аталган тыюуну алып салуу менен эртең эле уран каза баштайбыз дегенден алыс болушубуз керек. Мамлекетибизде ири уран кендери жок. Уран менен торийге болгон тыюуну алып салуу менен аталган элементтер камтылган полиметаллдык сейрек кездешүүчү жана критикалык минералдарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өлкөнүн экологиялык, экономикалык абалын жакшыртууга, жаңы жумушчу орундарынын пайда болушуна жол ачылат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү суроо-талап жогору болуп жаткан критикалык минералдардын Кыргызстанда алты рудалык району жана 83төн ашык кен чыккан жерлери, рудалык көрүнүштөр аныкталган. Бул кендердин көбүндө урандын жана торийдин элементтери өтө аз пайызда экенин белгилей кетейин. Ошол торий менен уран башка пайдалуу кендерди өздөштүрүүгө, пайдаланууга тоскоол болбошу керек деп эсептейбиз".

Министр Тургунбаев документ кабыл алынса, Кызыл-Омпол кени иштетиле баштаарын белгиледи.

Мыйзам долбооруна байланыштуу дээрлик талкуу болгон жок. Айрым гана депутаттар суроо салып, каршылыгын билдирди.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков уран менен торийди өндүрүү экономикага терс таасирин тийгизерин айтып, чет мамлекеттер Кыргызстандан эч бир товар албай коёрун белгиледи:

Чынгыз Айдарбеков.
Чынгыз Айдарбеков.

"Кыргызстанда СССР убагындагыдай кайрадан уран казыла баштаптыр деген маалыматтар чыгат. Биздин экономикабыз өсүмдүктөргө, мал-жандыкка жана туризмге байланган. Бул ошого түздөн түз залакасын тийгизиши мүмкүн. Бизге туристтер абдан көп келет, айрыкча берметибиз болгон Ысык-Көлгө. Уран өндүрүлө баштады деген маалыматтар чыкса, көлгө эч ким келбей калат, экономикабыз зыян тартат. Биз ойлонушубуз керек. Уран жана башка уулуу чийки заттар өтө кооптуу. Жер жүзүндө баары ушундан коркуп жатат. Биздин максатыбыз - башка чийки заттарды казуу. Биз ушуну мыйзамга так жазышыбыз керек".

Ушул жылдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илимпоздор Кызыл-Омпол кенинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатканын билдирген. Ал жерде бери дегенде 300 миллиард долларга жакын байлык жатканын, урандан башка дагы сейрек кездешкен металлдар барлыгын айткан. Өкмөт кендерди экологияга зыяны тийбегендей жол менен казып, пайда көрүшү керектигин белгилеген.

Андан көп өтпөй президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарына барганда жергиликтүү эл менен жолугушууда уран маселесине байланыштуу атайын комиссия түзүү сунушун колдогон жана ага жергиликтүү элдин өкүлдөрү дагы кире турганын билдирген.

"Популисттик кадамдарга барбашыбыз керек. Терең изилдеп, зыяны болсо, зыян деп айтып, токтоткон оң. Мисалы, мен өзүмө өзүм душмандык кылгым келбейт. Элге дагы. Ушул жерде туугандарым, бала-чакам, небере-чөбөрөм жашайт. Анан мен кантип ошолорго душмандык кылам? Зыяны жок болсо - жок, зыяны бар болсо - бар экенин айтышыбыз керек. Кудай алдында, тарых алдында жооп берип кала турганыбызды айтуу керек", - деген президент.

"Чаң менен радиация тарайт"

Уран казууга каршы чыккан Балыкчы шаарынын жашоочуларынын бири Марат Акатов жыл башынан бери комиссия түзүлүшүн күтүп отурушканын айтып берди. Ал эл арасында түпөйүл кылган суроолор көп экенине токтолду:

"Биз ошол комиссияга кирип, урандын зыяндуу же зыянсыз экенин билүү үчүн айрым айылдардан экиден киши комиссияга киребиз деп 40 адам чогулганбыз. Бул тууралуу элдик талкуу болуп, ошонун жыйынтыгын эске алуу менен мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизишсе болмок. Президент Балыкчыга барганда уран казганга эч ким каршы болбогонун айтышкан. Ажо келгенде аны сыйлап унчуккан эмеспиз. Болбосо биз урандын казылышына каршыбыз. Жеке мен өзүм каршымын. Анткени анын зыяны көп. Ал радиациялык фон жогору болгондо онкологиялык ооруларды пайда кылат. Менин аялым төрт жылдан бери рак менен ооруйт. Өзүм Тоңдун Оттук айылынан болом. Балыкчыда жашаганыма 40 жыл болоюн деп калды. Бул жактан көп адамдар онколологияда эле жүрөт. Мен ошо радиациялык фон жогору болгондуктан рак менен ооругандар көп эмеспи деп сурап, билейин дегем. Президент келгенде дагы ушул суроону бергем. Президент "комиссия түзүлөт" деген. Ошондон бери түзүлгөн жок, дагы деле күтүп отурабыз".

Президент жана анын администрациясы атайын комиссия эмнеге түзүлбөй жатканы тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Ал эми Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул жаатта терең ойлонууну, тыкыр илиздөөнү, экспертизаны талап кылган маселелер бар экенин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына бул ириде сууга жана ошол аймактын өзгөчөлүгү болгон шамалга байланыштуу экенин жазды:

"Демилгечилердин айтымында, казып алынган топуракты суу менен жууп, тазалап, анан байытылган кенди Кара-Балтага жүктөп кетет экен. Жеринде эч нерсе калбайт дешет. Ал эми сууну каякка агызат? Пайдаланылган суу радиацияланган болсо, аны тазалоо талап кылынат да. Ошондой тазалоо технологиясы барбы? Бул суроолорго адистер эмне деп жооп айтышат? Пайдаланып туруп кайра Орто-Токой суу сактагычына куюп жиберишеби же түз эле Чүй суусуна кошуп агыза беришеби? Менимче, ушул суу маселеси боюнча так түшүндүрмө азырынча бериле элек. Экинчи маселе - Улан шамалы. Уландын күчүн ар ким билет, Боомдон урган шамал тиги жагы Караколго чейин жетип турат. Күрөк же кетмен менен казасыңбы, экскаватор менен казасыңбы - баары бир чаңдайт. Машинелерге жүктөп жатканда чаң чыгат. Машине жүрүп бара жатканда да чыгат. Ошондой эле үстүн казып, ачып койгон майда карьерлерден дагы шамал болгондо чаң асманга сапырылат. Мына ошол чаң менен кошо учкан радиактивдүү элементтерди кантип токтотуп калса болот? Ошондой технология барбы? Азыр ураа-ураа, уран-уран деп топубузду көккө ыргытып жатабыз. Эртең Кызыл-Омполдон тарта Караколго чейин Тескей жакты радиактивдүү чаң басып калбасына ким кепилдик берет? Бул маселеге адистер эмне дешет?"

2019-жылдын аягында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын алдында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Мындан улам өкмөт бул кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. Аталган компания ага чейинки жумуштарына 270 млн сомдон ашык коротконун, алар уранды коопсуз жол менен казып аларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран казууга жол ачкан мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган долбоордо 100% үлүшү мамлекетке таандык ишканаларга гана уран жана торий иштетүүгө уруксат берүү шарты жазылган. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзсө болору көрсөтүлгөн.

"Уран казуу чоң каражатты талап кылат"

Буга чейин Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков уран кенин иштетүүдө ириде экономикалык жана экологиялык жактан суроолор бар экенин айтты:

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

"Кызыл-Омполдо жайгашкан жети участок бар экен. Ошонун бирөө Куакынын белине чыгып бараткан жердеги Таш-Мойнок деген участок. Ошол эле изилденген. Запасы баланска коюлган. Ал жерде эки-үч жыл гана иштетиле турган запас бар. Эгер дагы иштете турган болсок, Куакынын белине чыгып бараткан жолду, трассаны жылдырууга туура келет. Бул өзүнчө чоң каражатты талап кылат. Андан сырткары ошол жерде Кемин-Датка деген чоң линия өтөт, аны дагы жылдырышыбыз керек. Бул дагы чоң каражатты талап кылат. Экономикалык көз караш менен иштеткенибиз туура болобу же болбойбу деген суроону койгом. Экинчиден, аныктала элек сейрек кездешүүчү металлдарды алабыз деген күндө деле, анын арасында ураны дагы, торийи дагы бар. Аларды алып барып кайда иштетип, кайда жайгаштырабыз? Уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгарып, аны иштетүү үчүн Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына алып келишибиз керек. Учурда союздун тушунда иштетилген уран калдыктарын, ошол эле Миң-Куш, Кажы-Сай, Майлуу-Суу, Шакафтардагы уран калдыктарын тазалай албай, Орусияга кайрылып, алар акча бөлүп, ал жердеги рекультивация иштерин бүтүрө албай жатып кайра жаңы бир чекти иштеткени жатабыз. Кара-Балтадагы уу калдыктар жайгашкан аймак шамал ура турган жерде. Ошол жерге жайгаштыруу экологиялык жактан туурабы же туура эмеспи деген суроо бар. Коңшу Казакстан, Өзбекстандай уран кени бизде өтө көп болсо, дүйнө урандын чийки затына муктаж болуп жатса, мен деле мыйзамды жокко чыгарып, иштетүүгө макул болот элем. Экологиялык жактан дыкат технологиялар менен иштетели, экономикабызга пайда табалы дейт элем. Кызыл-Омполдогу участоктордун бири Орто-Токой суу сактагычынын астында, дагы бири жанында жайгашкан. Ошол жерлерде жалпысынын 12,5 миң тонна уран болушу мүмкүн. Ар кайсы жерде жайгашкан экен. Ошонун баарын каза алабызбы? Биз ал жактагы экологияны бузганы жатпайбызбы. Андан калган калдыктарды рекультивация кылганга жардам бергиле деп суранабызбы?" - деген Камчыбеков.

Расмий маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени, анын 3,5 миң тоннага жакыны реалдуу казып алууга жарактуу запас деп эсептелет.

Кыргызстанда уран кенин чалгындоого Кызыл-Омполду кошкондо 20 лицензия берилгени маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG