Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Кыргызстан Бишкекте Интерполдун Борбор Азия үчүн аймактык кеңсесин ачууну сунуштады


Интерполдун президенти Ахмед Насер аль-Раиси менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн сүйлөшүү маалында. 29-май, 2024-жыл.
Интерполдун президенти Ахмед Насер аль-Раиси менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн сүйлөшүү маалында. 29-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Интерполдун президенти Ахмед Насер аль-Раиси менен онлайн сүйлөшүү өткөрүп, трансулуттук кылмыштуулук, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү, унаа уурдоо жана кылмышкерлерди издөө маселелерин сүйлөштү. Бул тууралуу 29-майда Ички Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Анда Кыргызстандын ИИМинин кызматкерлеринин Интерполдун эгидасы алдында эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган эл аралык долбоорлорго катышуусун активдештирүү маселеси кеп болду.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Интерполго мүчө өлкөлөр менен жумушчу мамилелерди түзүү жана бекемдөө, Кыргызстадын системасын Интерполдун маалымат базасына интеграциялоо боюнча иштер күчөтүлгөн.

Интерполдун президенти Аль Раиси мекеменин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин ичиндеги бюросунун жогорку дараметин белгилеп, өз ара аракеттешүүнүн чегин мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Онлайн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында Интерполдун Борбор Азия үчүн аймактык кеңсесин ачуу маселесин жана ИИМдин өкүлдөрүнүн Интерполдун штаб-квартирасында иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Интерпол (International Criminal Police Organization – Эл аралык криминалдык полиция) 1923-жылы кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү үчүн түзүлгөн эл аралык уюм. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Алгач ага 19 мамлекет кирсе, ушул маалда 196 мамлекет мүчөлүк кылат.

Кыргызстан уюмга 1997-жылы кошулуп, ИИМдин ичинде Улуттук Интерпол бюросу ачылган. Анын алкагында Кыргызстан Интерпол аркылуу кылмышкерлерге эл аралык издөө жарыялап, башка өлкөлөрдөн кармап келет. Ошол эле маалда башка өлкөлөрдө издөө жарыяланган адамдар Кыргызстандын аймагында кармалып, тиешелүү мамлекеттерге экстрадицияланып турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG