Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” капиталын көбөйтүү үчүн акцияларды сатыкка чыгарды


“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун кеңсеси.
“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун кеңсеси.

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому уставдык капиталын дагы 1,4 млрд сомго көбөйтүү чечимин кабыл алып, ушул суммага ылайыктуу акцияларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы кабарлады.

Маалыматта муну менен компаниянын уставдык капиталы 18 млрд 200 млн сомго жетери кабарланат.

Ачык акционердик коом аны менен кошо “Мамлекеттик лизинг компаниясы” деп аталган туунду ишкана түзүү тууралуу да чечим кабыл алды.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинети 2022-жылдын 31-майындагы чечими менен түзүлгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. Кийин анын капиталы 14,8 миллиард сомго жеткирилип, компания бул суммага 2023-жылы “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясы) сатып алган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан соң, маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Евгения Судец 2023-жылдын апрелинде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна башка киши келген. Компаниянын жетекчиси андан бери да эки ирет алмашты. (ErN)

XS
SM
MD
LG