Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Иранда укук коргоочу журналистке 21 жылдык жаза мөөнөтү чегерилди


Зина Модарес Горжи.
Зина Модарес Горжи.

Иранда аял укугун коргоо менен алектенип келген журналист Зина Модарес Горжиге жалпысынан 21 жылдык жаза мөөнөтү чегерилгенин «Фарда» радиосу жазды.

Kurdpa укук коргоо порталынын маалыматына караганда, сот ага «режимди кулатууга багытталган мыйзамсыз топ түзгөн» деп 10 жыл, «душман топтор жана өкмөттөр менен кызматташкан» деп дагы 10 жыл жана «режимге каршы үгүт» деген айып менен бир жыл берди.

Ирандын мыйзамдарына ылайык, эгер бир нече жаза мөөнөтү чегерилсе, анын эң узагы колдонулат. Горжи 10 жыл абакта отурушу керек болот, бирок соттун кошумча чечими менен ага 10 жылдык сүргүн мөөнөтү да чегерилди.

Өкүм расмий түрдө 23-майда жарыяланганын, апелляциялык арыз жазыларын журналисттин тарапташтары жана адвокаты билдиришти. Алар соттун мыйдай өкүмүн оюн ачык билдиргендерди, адам укугу боюнча маселе көтөргөндөрдү коркутуп-үркүтүү, саясий куугунтук деп атап жатышат.

Горжини 2022-жылдагы жапырт нааразылык акцияларына активдүү катышканда «системага каршы жыйын жана кутум» деген айып менен кармап кетип, 40 күндөн кийин күрөөгө бошотушкан.

2023-жылы кайра кармап, бир ай жалгыз камерада кармашкан, кийин жалпы түрмөгө которушкан.

Өткөн айда ал Сенендеж шаарындагы китеп дүкөнүн бийлик милдеттүү түрдө хижаб кийүү тууралуу мыйзамды бузган деген негизде жаап салганын Instagram баракчасына жазган.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

64 жаш курагында каза болгон Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. (RK)

XS
SM
MD
LG