Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Бишкектин Жал кичирайонунда 2,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы 2,5 гектар жер тилкеси. УКМК тараткан сүрөт.
Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы 2,5 гектар жер тилкеси. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы 2,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Тергөө маалында такталгандай, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан жер тилке орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң жерди Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери башкалар менен жең ичинен сүйлөшүп, 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына сатылып, жеке менчикке чыгарылып кеткен. Ошол кезде аталган тилкенин иш жүзүндөгү баасы 2 миллион АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендигине карабай ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн.

УКМКнын маалыматында жер тилкесинин азыркы базар баасы 1 млрд сомду түзөт.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган тилкени мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК буга чейин Аксы районундагы борбордук базар, Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен борбордук автобекет, Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жеке менчикке өтүп кеткен республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имарат, Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана башка ондогон жайлар мамлекетке кайтарылганын билдирген. 29-майда Оштун Ноокат районунда элге мыйзамсыз берилген 41 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 27-январда Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG