Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Милиция кылмыш ишин оң жагына чечүү убадасы менен опузалап акча талап кылууга шектүүнү кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкармалыгы Бишкектин Аскердик гарнизондук прокуратурасы менен биргеликте Чүй облусунун тургунунан 40 миң долларды опузалап талап кылууга шектелген адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 30-майда кабарлады.

"Шектүү чүйлүк жарандын уулунун кылмыш ишин оңунан чечип берүү үчүн 40 миң доллар талап кылган. Бийликте жана кылмыш дүйнөсүндө таасирдүү байланыштары бар экенин айткан шектүү акча бербесе, уулунун иши жаман жагына айланып кетиши мүмкүндүгүн айтып, коркуткан", - деп жазылган маалыматта.

Бул факт боюнча Аскер-гарнизондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү, 39 жаштагы У. Ж. аттуу жаран акчанын бир бөлүгүн - 150 миң сомду алып жаткан жеринен кармалган.

Биринчи Май райондук соту аны эки айга тергөө абагына камоону чечим кылды.

Учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.

Бир нече күн мурун Бишкектин Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери кылмыш ишин оң жагына чечүүнү убада кылып, шектүүнүн жакындарынан акча талап кылууга шектелип кармалышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG