Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

"Олимпиаданын тарыхый алтынын күтөбүз"


Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына эки айга жетпеген убакыт калды. Ушу тапта кыргызстандык 14 спортчу Олимпиадага лицензия утса, алардын 10у балбандар. Бул өлкө тарыхындагы күрөш боюнча жолдомолордун рекорддук көрсөткүчү десек болот.

“Азаттык” Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчисинин орун басары Самат Токтоналиевди кепке тартып, Олимпиадага даярдык тууралуу сурады. Ал лицензия алуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон спортчулар тууралуу суроолорго мындай жооп кайтарды:

- Бүгүнкү күндө биз да Тайландда боло турган бокс жана дзюдо боюнча акыркы лицензиялык мелдешти күтүп жатабыз. Дзюдо боюнча эки-үч спортчунун рейтинги жакшы болууда. (PS. Маектин видео версиясы 21-майда жарыяланган. Маек жарыялангандан кийин жөө күлүк Илья Тяпкиндин жолдомосун Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму жокко чыгарганы белгилүү болду. Ал эми 23-майда дзюдочу Эрлан Шеров Дүйнө чемпионатында коло байге алып, Олимпиадага жолдомо алса, спорттун ушул түрүнөн Кубанычбек Айбек уулу Париж олимпиадасына катышуу үчүн континенталдык квотага ээ болду. Ушул тапта Кыргызстанда Париж олимпиадасына 14 жолдомо бар).

Ошондой эле фехтование боюнча да рейтинг жакшы болгондуктан квота берилиши мүмкүн. Спорттун башка түрлөрүнөн, мисалы, ок атуу боюнча да берилип калышы ыктымал. Негизинен биздин үмүтүбүз балбандар болду. Алар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы ондукка киришти. Балбандардын Олимпиада оюндарына 10 лицензия алганы рекорддук көрсөткүч болду.

- Маанилүү эл аралык мелдештерге даярданууга инфраструктура жагынан кемчиликтер кедергисин тийгизип жатканы жашыруун эмес. Бассейн, стандарттарга жооп берген чуркоо аянттары жетишсиз. Азыр абал кандай?

- Бир аз жетишсиз десек болот. Бизде олимпиадалык 50 метрлик стандарттуу бассейн жок. Биздин спортчубуз Денис Петрашов чет өлкөдө машыгууларын өткөрүп келет. Жалпысынан алганда, спорттун көптөгөн түрлөрү боюнча машыгуу залдары жетишсиз болгондуктан, спортчулар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгып машыгып калышат. Мисалы, азыр фехтование боюнча спортчулар Европа мамлекеттеринде машыгышат. Алар да ошол жерде даярданып, лицензия алат деп күтүүдөбүз. Петров аттуу спортчубуз жакында эле жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштады.

- Олимпиадага даярданууда спорттун кайсы бир түрүнө артыкчылык берилеби?

- Биз баалаган, ийгиликтер менен сыймыктанган спорттун алты түрү бар: эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, грек-рим күрөшү, оор атлетика, дзюдо, бокс жана жеңил атлетика. Булар - спорттун биздеги негизги приоритеттүү түрлөрү.

- Олимпиада жөнүндө айтканда дароо эле Каныбек Осмоналиевдин ысымы эске түшөт. Дегеле оор атлетика, бокс сыяктуу спорттун башка түрлөрү боюнча иштер кандай жүрүп жатат?

- Оор атлетика жана бокска Кыргызстанда спорттун чоң маани берилет.

- Бирок азырынча жеңиштер жок да?

- Азырынча жок. Лицензия алуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк Таиланддагы турнирде болот. Ошол жерден лицензия күтүп жатабыз.

- Ийгиликке жетишпей келгенибизге эмне себеп? Машыгуу залдары жетишсизби?

- Залдар деле азыр жетиштүү. Бокс үчүн залдар азыр курулуп жатат. Курама команда үчүн зал оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул жаатта абал жакшы деп айтсак болот.

Спорттун башка түрлөрү тууралуу кеп кылсак, азыр күрөшкө ылыйык жакшы залдар курулуп жатат. Өзүңүздөр билгендей, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан кыз-келиндер күрөшү үчүн зал ачылган. Ал бюджеттен бөлүнгөн каражатка салынды, азыр аймактарда көп залдар курулууда. Бишкектеги бокс залы дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Азыр спортко абдан жакшы көңүл бурулуп жатат. Эгерде оор атлетика, күрөш жана бокстан башка түрлөрүн айтсаңыз, албетте, азыр биз акырындык менен жакшы натыйжаларды бере баштаган дагы бир спортко көңүл бура баштадык. Бул - фехтование.

Ок атуу боюнча бизден Мелентьев - Олимпиаданын чемпиону жана рекордсмени. Бул түргө да көңүл бурулат. Биздин мектептер жакшы болгон, ошолорду кайра жандантуу керек. Байдарка да абдан жакшы каралып келген.

- Быйылкы Олимпиадага даярдык мурдагы жылдардан эмнеси менен айырмаланып жатат?

- Быйыл мамлекет буга олуттуураак мамиле кылып жатат. Олимпиадага даярдык үчүн бөлүнгөн каражаттын суммасы көбөйтүлдү. Спортчулардын даярдыгы үчүн кошумча каражат бөлүндү.

Мисалы, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бюджети 230 млн сомду түзсө, андан тышкары мамлекет тарабынан дагы 100 млн сом даярданууга бөлүнүп жатат.

Быйылкы Олимпиадада биз чындап эле алтынды, тарыхый алтынды утуп алгыбыз келет. Андыктан спортчуларды Олимпиадага даярдоого жакшы көңүл бурулууда.

- Спортчулар жакында эле Азия оюндарына катышып, эми Олимпиадага дагы да көбүрөөк даярданышы керек болот. Аларды машыгуудан тышкары кантип даярдайсыздар?

- Мелдештен кийин ар бир спортчу жалпы ден соолугун калыбына келтирүүчү, чыңдоочу процедуралардан өтөт. Бул тармакта да медицина акырындап өнүгө баштады. Спортчуларды дары-дармек менен камсыздоого Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 4 миллион сомдун тегерегинде акча каралган болсо, өлкө башчысынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын фондунан да каражат бөлүнүп жатат. Витамин жана спорттук дары-каражаттары менен камсыздоо боюнча алар да спортчуларга колдоо көрсөтүшүүдө. Бизде спорт психологдору жок, анча өнүккөн эмес. Жакынкы жылдары пайда болот деп ойлойм.

- Эсиңизде болсо керек, өткөн Олимпиада оюндарына дирекциянын атынан Олимпиадага спортко эч кандай тиешеси жок адамдардын кошулуп барганы кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Алардын ордуна психологдор, дарыгерлер барса жакшы болмок да.

- Бизде медицина анчалык өнүккөн эмес. Мисалы, кандайдыр бир чоң спорттук иш-чарага биз эки-үч дарыгер менен барабыз. Мүмкүнчүлүгү бар, медицинасы өнүккөн өлкөлөр 30-40 дарыгер менен барышат. Ооба, ошого жараша аларда дагы спортчулар көп. Мисалы, 700-600 спортчу алып барса, биздин өлкөдөн баргандар 100дөн ашпай жатат.

Ал жакка спортко тиешеси жок аткаминерлер барат деп айтышканы да бир аз туура эмес болуп калат. Анткени делегациянын башында сөзсүз чиновник же министр же министрдин орун басары болушу керек. Алар дагы мамлекеттердин министрлеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

- Негизи эле бара тургандардын тизмесин ким түзөт? Ага кимдер кириши керек?

- Алдыдагы Олимпиада оюндарын айтсак, анда Эл аралык олимпиада комитети квота берет. Ага ылайык, биз аккредитациядан өткөрүп жатабыз.

- Бул ирет кимдерди аккредитациядан өткөрдүңүздөр?

- Быйыл ушундай деп так айта албайм, бирок делегациянын башчысы катары өлкөнүн президенти, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, бул тармакка жооптуу адам катары Спорт боюнча министрликтин башчысы, Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү барышы керек. Анан спорттун түрлөрү боюнча барышат.

- Ал эми эң керектүү психологдорчу? Өткөн Олимпиада оюндарынан байкаганыбызга караганда, спортчулар күйөрмандардын мамилесинен улам мелдешке чейин эле жабыгып калгандай. Анткени алар үчүн бүт өлкө тынчсызданып жатканын көрүп турушат да. Бул жолу психологдор барабы?

- Алып баралы десек дагы, азырынча спорттук психологдорубуз жок. Биздин машыктыруучуларыбызга, федерациянын өкүлдөрүнө ыраазычылык айтышыбыз керек. Алар дагы психологдун, насаатчынын, ата-эненин ролун аткарып жатышат.

- Олимпиадага барарда улуттук курама команданын машыктыруучулары менен жеке машыктыруучуларынын ортосунда кимиси барышы боюнча талаш-тартыштар жаралат. Быйыл абал кандай болуп жатат?

- Дене тарбия жана спорт боюнча мыйзам, эл аралык мелдештерге курама команданы түзүү, башкы машыктыруучу боюнча эрежелери бар. Эл аралык мелдештерге спортчуларды сөзсүз башкы машыктыруучу алып барышы керек.

Башкы машыктыруучу бардык машыктыруучулардан жогору турат. Башкы машыктыруучу, анын жардамчылары - кенже машыктыруучулар деп айтсак да болот. Булар улуттук курама команданы түзгөн негизги адамдар. Алар спортчулардын даярдыгы жана эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн жооптуу.

Кээде спортчу, сиз айткандай, моралдык жактан чарчайт, ал эми психологдор жок. Ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн, анда бул спортчуну жакшы билген жеке машыктыруучу тартылат.

- Анда жеке машыктыруучу өз каражаты менен барабы?

- Кээде өз каражаты менен барышка туура келет. Эгерде квота бөлүнгөн болсо, алар да бара алышат.

- Азия чемпиондугуначы?

- Азия чемпиондугуна кээде өз каражаты менен барышат. Мисалы, биздин балбандардын күйөрмандары, машыктыруучулары дайыма өз каражаттарынын эсебинен барып келет.

- Олимпиада оюндарынын алдында спортчуларга интервью берүүгө, машыгуулары тууралуу социалдык тармактарда айтууга тыюу салыныптыр. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынды?

- Бул милдеттүү чечим, анткени алардын кантип даярданып жатканын көрсөтүүнүн зарылдыгы жок экенин билдик. Ошондуктан сырларды жашырып турууну эп көрдүк. Эч кандай тоскоолдуктар болбошу үчүн алардын даярдыгына көңүл буруудабыз. Кыргызстандын тарыхый алтынынан үмүттөнүп жатабыз.

- Спортчулардын кийими кандай болот? Быйыл да тендер өткөрүлдүбү?

- Өткөн жылы Кытайдын “361” аттуу бренди менен жакшы келишим түзүлгөн. Бул компания Кытайдагы Азия оюндарына бардык формаларды, жабдууларды алып берди. Келишимде алар Олимпиада оюндарына да демөөрчүлүк кылышары айтылган. Быйыл Олимп оюндарынын салтанаттуу ачылышындагы жана башка спорттук мелдештердеги кийимге ушул компания демөөрчүлүк кылат.

- Коомчулукка качан көрсөтүлөт?

- Азыр лицензияларга байланыштуу иштерди бүтүрүп жатабыз. Менимче, июнь айларында коомчулукка көрсөтөбүз. Бизге кытайлык кесиптештерибиз келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, материалды тандап алдык. Жалпысынан азыр толугу менен даярдыктар жүрүүдө. Баары даяр, эми көрсөтө баштайбыз.

- Өлкөбүздө жеңил өнөр жайы абдан өнүккөн эмеспи. Биздин тигүү компаниялар, дизайнерлер жасай алышса керек эле.

- Ооба, жасай алышмак. Бирок биз каражатты үнөмдөө жагынан да карадык. Өткөн жылдардагы тажрыйбаны алсак, мисалы, Ислам тилектештик оюндарына даярданып, Көчмөндөр оюндарын өткөрдүк. Бул көп убакытты, каражатты талап кылды. “361” - бул көп өлкөлөргө белгилүү компания. Алар Эл аралык олимпиадалык комитет менен кызматташат. Биздин Өлимпиадалык комитет ошондой компанияны тартууга жетишти. Алар форманын дизайнын да биздин каалообуз менен жасап, акысыз көрсөткөнү үчүн бул вариантты тандап алдык.

- Сиз Олимпиадада тарыхый алтынды алсак деп айтып калдыңыз. Спорчуларыбыздан эң мыктылары кимдер? Кандайдыр бир күтүүсүз жеңиштер болушу мүмкүнбү?

- Бардык эле спортчуларыбыз мыкты. Бардыгынын мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан биз ар бир спортчудан 100 пайыз күчүн жумшайт деп күтүп жатабыз.

- Олимпиадага спортчуларды жиберүү алдында мамлекет дем, шык берүүчү жыйындарды өткөрөт, сыйлыктар тууралуу сөз кылышат. Батир берилери айтылат. Быйыл кандай белектер даярдалып жатат?

- Сыйлыктар мурункуга караганда көбүрөөк болот деп айта алам. Анткени мыйзамда ушундай деп жазылган. Дагы кандай белектер болору али белгисиз. Биздин президент Садыр Жапаров өзү спортчуларыбызга дем берет, узатуу аземи жогорку деңгээлде өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG