Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Ирандык укук коргоочулар Раисини БУУда эскерүү демилгесин айыпташты


Эбрахим Раисини БУУда. 2023-жылдын сентябры.
Эбрахим Раисини БУУда. 2023-жылдын сентябры.

Ирандык укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ушул апта ичинде маркум Эбрахим Раисини эскерүү иш-чарасын өткөрүү демилгесин кескин сындап, «тегерандык касапчы» атыккан кишини эскерүү айыптоого жатарын айтып чыгышты.

БУУнун учурдагы Башкы ассамблеясына төрагалык кылып жаткан Деннис Фрэнсис эскерүү иш-чарасы бүгүн 30-майда өтөрүн, уюмга мүчө өлкөлөрдүн арасынан каалоочулар болсо жыйында сөз берилерин айткан.

Улуттар Уюмундагы мындай демилге Эбрахим Раисини Ирандагы саясий режимге сын айткан, каршылыгын билдирген миңдеген саясий туткунду 1980-жылдардын соңунда өлүм жазасына тарткан «аткаруу комитетинде» прокурор болуп иштегени үчүн айыптаган активисттердин сынына кабылды. Алар Раисини эки жыл мурдагы жапырт нааразылык акциясына чыккандарга жасалган ырайымсыз мамиле үчүн да айыптоодо.

"Дүйнө өкмөттөрү Ирандын тарыхындагы адам укуктарын болуп көрбөгөндөй бузган кишини жана касапчыны көкөлөтүп, тынчтыкты сүйгөн жана демократиялык ишмер катары жоктоп жатканы кооптуу прецедент түзүүдө", - деди Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Тегеран түрмөсүндө отурган Наргес Мохаммади.

22-майда БУУда Ирандын мамлекеттик туусу ылдыйлатылып, Раисини бир мүнөт туруп эскеришкени үчүн да укук коргоочулар сын айтышкан.

Фрэнсистин басма сөз катчысы Моника Грейли маркум мамлекет башчысын эскерүү кадимки дипломатиялык тажрыйба экенин билдирди.

Бирок Нобел сыйлыгынын дагы бир лауреаты Ширин Эбади БУУ өзү кабыл алган протоколдоруна карама-каршы келип жатканын, анткени анын миссиясы 2022-жылы Иранда демонстранттар күч менен таркатылганда бул өлкөнүн режими “адамзатка каршы кылмыш” кылды деген тыянагын жарыялаганын эскертти.

Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, каза болгону расмий кабарланган.

20-майда биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

64 жаш курагында каза болгон Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. (RK)

XS
SM
MD
LG