Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Казакстанда сел агызып кеткен эки кишинин сөөгү эки айдан бери табылбай жатат


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Казакстанда сел каптаганда сууда калган эки кишинин жакындары издөө иштери жакшы жүрбөй жатканына нааразы экенин бүгүн 30-майда “Азаттыктын” казак кызматы билдирди. Уулунун жана анын жанындагы дагы бир кишинин дайыны эки айдан ашуун убакыттан бери табылбай жатканын Абай облусунун тургуну Турсынгали Кажигереев айтып берди.

Кажигереев окуя 26-мартта Карагаш айылында болгонун, дарыядан трактор менен өтүүгө аракет кылып, бирок агымга туруштук бере албай агып кеткен уулу Шалкар Кажигереев жана Куанышбек Мырзагазин атуу киши тирүү экенинен үмүтү үзүлгөнүн, эми эч болбогондо алардын сөөгүн табууга өкмөт жардам берсе деп билдирди.

Анын белгилешинче, азыркы тапта издөө иштерин бир нече куткаруучу кайык менен жүргүзүп жатат, аларга суунун алдынан издөөгө уруксат бериле элек.

“Сөөк суу алдында деп ойлоп жатабыз. Бизге суучул беришсе болмок. Издеп жатабыз дейт. Бирок бул жер океан же деңиз, көл эмес да. Суу киргилт деп жатышат, ал дайыма эле ошондой болуп турат, — деди Кажигереев.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Руслан Байтурсынов бул аймакта дайынсыз болуп жаткандар үч киши экенин айтып, издөө иштери уланып келатканын маалымдады:

— Суудан да, жээктен да издеп жатабыз. Куткаруучулар таңкы алтыда чыгып, кечкисин кайтууда. Күнүнө 10 чакырымдай аралыкты өтүп жатышат. Борлы суусу 30 чакырым, ал барып 100 чакырымдан ашкан Аягөзгө куюлат.

39 жаштагы Шалкар Кажигереев Аягөздө аскердик бөлүктөрдүн биринде келишимдик негизде иштеп жаткан. 68 жаштагы Куанышбек Мырзаганин малчы болгон.

Окуя 26-мартта катталган. Борлы суусунан трактор менен өтүүгө аракет кылып алар ортого келгенде такалып калышкан жана бир күн кечке трактордун үстүндө отурушкан. Суунун деңгээли тез арада жогорулап, аларды агызып кеткен. Турсынгали Кажигереев куткаруучуларды дароо чакырганын, бирок ал күнү эч ким жардамга барбаганын, өз алдынча жардам берүүгө аракет кылгандардын бири өзү чөгүп кете жаздаганын айтууда.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG