Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын эки китеби жарык көрдү


Бурулкан Сарыгулованын китептери.
Бурулкан Сарыгулованын китептери.

Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын “Мендеги мезгил” жана “Уютку кеп” деген эки китеби жарык көрдү.

“Мендеги мезгил” китебине акындын ырлары кирип, “Уютку кеп” китебине журналисттик ишиндеги улут, коом, заман, тагдыр тууралуу интервьюларынын топтому камтылган.

“Азаттыктын” журналисти, акын Бурулкан Сарыгулованын китептеринин бет ачары 30-майда Бишкекте өтүп, анда 2023-жылдын аягында ТҮРКСОЙ уюму түрк тилинде чыгарган “Жолдогу ойлор” китеби да окурмандарга сунушталды.

Бурулакан Сарыгулованын ыр кечеси. 30-май, 2024-жыл.
Бурулакан Сарыгулованын ыр кечеси. 30-май, 2024-жыл.

Бурулкан Сарыгулова 1959-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1977-78-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы мамлекеттик университеттин даярдоо бөлүмүндө окуган. 1978-1983-жылдары ушул эле университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүндө журналисттик адистикке окуп, бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан бери “Азаттык” радиосунда эмгектенип келет.

2005-2010-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинде кабарчы, программалардын редактору, 2010-жылы (апрель-ноябрь) “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу, 2011-2021-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун орун басары - башкы редактору, 2021-жылдан баштап “Азаттык-Медиа” мекемесинин баяндамачысы болуп иштеп келе жатат.

Бурулкан Сарыгулова “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын лауреаты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG