Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

АКШ жана Германия Украинага Орусия аймагына сокку урууга уруксат беришти


Согуш талаасындагы украиналык аскерлер. 22-март, 2024-жыл.
Согуш талаасындагы украиналык аскерлер. 22-март, 2024-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Украина бийлигине америкалык курал менен Орусиянын аймагына сокку урууга жарым-жартылай уруксат бергенин бир нече маалымат булагына таянып Politico жазды, ушул эле маалыматты CNN да тастыктады.

Бул маалыматты украин президентинин басма сөз кызматы бышыктады.

Тактап айтканда, уруксат Харьков облусуна жакын жайгашкан гана орусиялык аймактарга атууга берилгени маалымдалды.

Расмий түрдө Вашингтон мындай аракеттерди колдобой турганын айтып келет.

Германия да Украинага берип жаткан курал-жарагын Орусиянын аймагындагы объектилерге сокку урууга тыюу салган чектөөсүн алып салганы белгилүү болду. Бул тууралуу 31-майда немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебешрайт билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышына Орусия соңку кезде Украинанын Харьков аймагана чабуулдарын күчөткөнүнөн улам түзүлгөн абал себеп болду.

"Украина эл аралык укук талаптарына ылайык мындай кол салуудан коргонууга укуктуу", - деди Хебешрайт.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиядагы объектилерге соккусу, эгер пропорционалдуулук бар болсо, мыйзамдуу деп эсептелерин 28-майда биримдиктин коргоо министрлеринин жыйынында айткан.

Франция Орусиядагы аскердик объектилерге Батыштын куралы менен сокку урууга каршы эместигин, бирок мындай чабуул жарандык инфраструктурага жасалбашы керектигин айтып келет.

Бир нече күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Economist басылмасына курган маегинде Батыш мамлекеттери өзүлөрү берген курал менен Орусиядагы аскердик жайларды бутага алууга уруксат бериши керек экенин айткан. Көп өтпөй Софияда өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын катышуучулары батыш курал-жабдыгын колдонууда киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырган резолюция кабыл алышты.

Орусиянын бийлиги Батышты "от менен ойнобоону" эскертти. Президент Владимир Путин Орусиянын аймагына сокку урулса дүйнөлүк жаңжал тутанышы мүмкүн экенин айтты.

Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылууда. Батыш убада кылган курал-жарак кармалып жатканынан жарандарынан да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG