Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Израил Рафахта жалпысынан 300дөй согушкер жок кылынганын билдирди


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил Газанын Рафах аймагында ХАМАСка (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы ушул айда башталган операциясы алкагында жалпысынан 300дөй согушкерди жок кылганын Израил өкмөтүнүн расмий өкүлү Дэвид Менсер билдирди. Анын айтымында, бейшембиде израилдик армиянын эки аскери да набыт кетти:

“Согушкерлердин айрымдары жер астында жашынып отурган, биздин аскерлер алар менен жакын аралыкта эрдик менен салгылашты. Кармаш өтө, өтө оор шартта жүрдү. Биз өзүбүздүн аскерлерибизди да жоготтук», - деди ал 30-майдын кечинде.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Египет менен чектеш тилкесиндеги Филадельфия коридору деген аталыш менен белгилүү болгон 14 чакырымдык буфердик зонаны өз көзөмөлүнө алганын 29-майда билдирген.

Ал жерден ХАМАС тобунун согушкерлери колдонуп келген 20 туннель жана 80ден ашуун туннель шахтасы табылганы маалымдалган. Ошол жолдор аркылуу, ЦАХАЛ кабарлагандай, Египет тараптан Газага курал-жарак жөнөтүлүп турган.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 36 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG