Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

ЮНИСЕФ жана GAVI вакцина ташуу үчүн Кыргызстанга 26 унаа берди


Вакцинаны ташуу үчүн Кыргызстанга берилген унаа. 1-июнь 2024. Бишкек.
Вакцинаны ташуу үчүн Кыргызстанга берилген унаа. 1-июнь 2024. Бишкек.

Эл аралык ЮНИСЕФ уюму жана Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (GAVI) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташууга адистештирилген 26 унаа берди. Анын 16сы 1-июнда тапшырылганын, калган бөлүгү июлда келерин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Унаалар вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларды алып жүрүүгө ылайыкташкан. Андан тышкары, вакциналарды күн нурунан коргоо үчүн терезелери атайын панелдер менен жабдылган.

"Бул унаалар биздин өлкөнүн эң алыскы аймактарына да вакциналарды жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул эмдөө көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн маанилүү”, - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Унаалардын жалпы баасы 1,26 миллион долларды түзөт.

Буга чейин ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакцина сактоочу 200гө чукул муздаткыч берген. (КЕ)

Вакцинаны ташуу үчүн Кыргызстанга берилген унаа. 1-июнь 2024. Бишкек.
Вакцинаны ташуу үчүн Кыргызстанга берилген унаа. 1-июнь 2024. Бишкек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG