Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Кытайдын космостук аппараты Айдын караңгы тарабына конду


Кытайдын "Чанъэ-6" космостук аппараты Айдын караңгы тарабына ийгиликтүү конгонун Синьхуа агенттиги билдирди. Анын негизги милдети - Айдын топурагынын үлгүлөрүн чогултуу жана Жерге жеткирүү.

Буга чейин бир дагы өлкө Айдын Жерге көрүнбөй турган тарабын изилдеген эмес. "Чанъэ-6" эки сутканын ичинде эки килограмм Айдагы топурактын үлгүлөрүн чогултушу керек, андан кийин ал кайра Жерге учат. Ал болжол менен 25-июнда Ички Монголия аймагына конот.

Бул быйылкы жылга Жерден учурулган аппаратын Айга үчүнчү жолу конушу. Январда ал жерге жапониялык SLIM зонд, бир айдан кийин америкалык Intuitive Machines компаниясынын аппараты конгон.

Айдын топурагын изилдөө окумуштууларга Айдын өзүнүн жана Күн системасынын пайда болуу тарыхын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Кытай 2030-жылга чейин Айга адам башкарган миссиясын жөнөтүүгө белсенип жатат. Орусия Кытайдын Ай программасынын өнөктөшү болуп саналат. Америка Кошмо Штаттары өзүнүн Artemis программасы менен 2026-жылы же бир аз кийинчерээк Айга астронавттарды жөнөтүүнү пландоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG