Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска барат


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнь күндөрү иш сапары менен Беларуска барат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, "Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу" пленардык сессиясына катышат. Мындан сырткары "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат.

Маалыматка караганда, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 10дон ашык маселе каралат. Анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету берилет.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. Бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат артышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG