Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Курулуш агенттиги Чүйдө мыйзамсыз курулуштарды бузуп жатканын билдирди


Чүйдө мыйзамсыз курулуштар бузулууда. 1-июнь, 2024
Чүйдө мыйзамсыз курулуштар бузулууда. 1-июнь, 2024

Ысык-Ата, Чүй району жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилер бузулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындан тышкары аталган аймактарда жайгашкан соода сатык объектилерин дизайн код боюнча иреттөө иштери жүрүүдө. Иретке келтирүү иштерин агенттиктин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана тиешелүү мамлекеттик органдар жеринен көзөмөлдөп жүрөт.


Буга чейин Ысык-Көлдүн бир катар райондорунда көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштар аныкталып, бузулган.

Орунтаев былтыр декабрда Кыргызстан боюнча 224 объект тийиштүү уруксат кагаздарын албай курулганын билдирген. Анын 38и Бишкекте, 17си Ош шаарында, дагы алтоо Ош облусунда, жетөө Жалал-Абадда, Чүй облусу боюнча сегиз, ал эми Нарын облусунда бир объект жайгашкан. Ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштардын саны 147ни түзөт. Бул имараттар боюнча материалдар сотко өткөрүлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG