Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Сербияда жергиликтүү шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыкты


Сербия. Шайлоо бекети. 2024-жылдын 2-июну.
Сербия. Шайлоо бекети. 2024-жылдын 2-июну.

Сербиянын борбор калаасы Белградда бийликтеги «Серб прогрессивдүү партиясы» жана анын союздаштары түзгөн "Александар Вучич – Сербия эртең" коалициясы жекшемби 2-июнда өткөн кайра шайлоодо утушка ээ болгонун өлкөнүн Борборук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бюллетендердин дээрлик баарын эсептеп чыккандан кийин президент Вучичтин коалициясы 52,8%, оңчул оппозициялык коалиция – 17,7%, солчул оппозициялык коалиция – 12,2% алды.

Жергиликтүү шайлоо Белградда былтыр декабрда өткөн, бирок оппозиция анын жыйынтыгын таануудан баш тарткандыктан кайра шайлоо дайындалган.

Оппозиция Вучичтин коалициясын добуш сатып алууга, шайлоочуларды коркутуп-үргүтүүгө, «зомбулукка жана бандитизмге» айыпташты. Байкоочулар шайлоого байланыштуу бир катар кылмыштар тууралуу арыз беришкенин билдиришти.

Вучичтин коалициясы айыптоолорду четке кагып, ушул эле күнү жергиликтүү шайлоо уюштурулган 89 муниципалитеттин 84үндө ишенимдүү жеңишке жетишкенин жарыялады.

Улутчул ураандары жана Орусияга ыктаган саясаты менен белгилүү Александр Вучич жана анын партиясы Сербияны 2012-жылдан бери башкарып келе жатышат. Ал Евробиримдик менен да алакасын өнүктүрүүгө аракет кылууда. Бул уюмда Сербия азыр талапкер макамына ээ.

Былтыр 17-декабрдагы шайлоого байкоо жүргүзгөн, 360 эксперттен турган, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Европарламенттин өкүлдөрү кирген эл аралык байкоочулар тобу шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Алар мамлекеттик каражат максатка ылайык эмес коротулганын, жалпыга маалымдоо каражаттарында президент Вучичтин жана анын тарапташтарынын үстөмдүгү, «коркунуч өнөктүгү» байкалып турганын белгилешкен.

Сербия Европа Биримдигине талапкер болгонуна карабастан Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген эл аралык санкцияларына кошулбай келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG