Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Кемпир-Абад иши: айыпталгандар сот жүрүшүнө нааразы болушууда


Кемпир-Абад ишине айыпталган саясатчылар. 4-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад ишине айыпталган саясатчылар. 4-июнь, 2024-жыл.

Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар 4-июнда Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында маалымат жыйын өткөрүп, соттук териштирүүдө мыйзам сакталбай жатканын айтып чыгышты.

Алар айыптоо актысы толук окулбай, айыпталгандардын сотто жүйөсүн айтууга, күбөлөрдү суракка алууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдирди.

Айыпталуучу, саясатчы Мамбетжунус Абылов кылмыш иши сотко өткөнүнө жакында бир жыл болорун белгилеп, мыйзамдарды сактоого чакырды.

“Айыптоо актысын көпчүлүгүбүз окуган жокпуз. 7-8 кишиге окуп, калгандары окшош эле экен деп токтотуп койду. Айыптоо актысы боюнча пикирлерибизди билдире баштадык. Буга келгенде дагы сот шашып, сөздү, суроолорду токтотуп жатат. Айыптоо актысында бизди күнөөлөп жаткандарды четке кагууга пикирибизди толук айта албай жатабыз. Буларга убакытты бирөө коюп койгондой. Ушунчасында бүтөсүң деп. Мисалы, Азимбектин айыптоо актысы боюнча пикирин токтотуп койду”, - деди Абылов.

Сот имаратынын алдында айыпталгандардын жакындары дагы чогулду. Алар соттун ачык өтүшүн талап кылышты.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

XS
SM
MD
LG