Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Газада мерт болгондор 36 миңден ашканы, барымтадагы төрт израилдик каза тапканы кабарланды


Газа.
Газа.

Газа секторунда Израилдин сегиз айдан берки чабуулдарынан каза болгон палестиндердин жалпы саны 36 479га жеткенин, дагы 82 777 киши жараат алганын бүгүн, 4-июнда анклавдын АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесине шилтеме жасап, Associated Press (AP) агенттиги билдирди.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы операциясы уланып, курал-жарак жана ок дары катылган жайлар жок кылынып жатканын маалымдады. Дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө ЦАХАЛ Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Наблус шаарынын чыгышында жайгашкан качкындар лагеринде операция баштаганын кабарлады.

Газада ХАМАС барымтада кармалып тургандардын арасынан дагы төртөө каза болгонун ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Даниэл Хагари билдирди.

Алар 79-80 жаштагы үч израилдик киши, 51 жаштагы төртүнчүсүнүн Израилден тышкары британ жарандыгы да бар экени маалымдалды. Төртөөнү тең куралчан адамдар Израилден Газага былтыр октябрь айындагы кол салуу учурунда алып кетишкен.

31-майда АКШ президенти Жо Байден согушту алты аптага токтотуу планын сунуш кылган. Ага ылайык, Израил Газадагы аскерлерин чыгарып кетиши керек болот.

3-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху атышууну барымтадагылар толук бошотулса, 42 күнгө токтотууга макул болорун айтты.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, барымтада кармалып тургандардын 80и тирүү, 43ү каза болгон.

3-июнда Кошмо Штаттар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешин Байден сунуштаган үч этаптуу планды колдоого чакырды.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

БУУ Газада каза болгондор боюнча жарыяланып жаткан маалымат күмөн жаратпай турганын билдирген.

Израил ХАМАС жараткан коркунуч жок кылынмайынча операциясы токтобой турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG