Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

УКМК "Йакын инкар" агымынын лидерлеринин бири кармалганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунда Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган “Йакын инкар” диний агымынын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын “халифасы” деп эсептеген (М.Б.М.) адам камакка алынганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси менен айып тагылып, Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилди.

31-майында УКМК менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери “Йакын инкар” диний агымынын активдүү мүчөлөрү жашаган жерлерде текшерүү иштерин жүргүзгөндө, экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар ж.б.) алынган.

Сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган. Ага “Йакын инкар”, “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG