Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Жогорку Сот Муртазалиевдин добушун кайра жараксыз деп тапты

Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Жогорку Сот Бишкек шаарындагы №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 30-апрелде чыгарган чечимин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызы боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, Боршайкомдун өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттук коллегия буга байланыштуу 30-апрелдеги чечимин жокко чыгарды.

Ага ылайык, Абдурахманхажи Муртазалиевдин Шайлообек Атазовду №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу боюнча БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү канааттандырылды.

Ал эми Абдурахманхажи Муртазалиевдин 2022-жылы алган добушун жарактуу деп таап берүү боюнча бөлүгү мыйзамсыз деп эсептелип, жокко чыгарылды.

Жогорку Сот 30-апрелде Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Андан тышкары Боршайкомдун 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылган. Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылган.

БШК Абдурахманхажи Муртазалиевди №29 Свердлов шайлоо округунан шайланган талапкер деп таануу тууралуу соттун чечимин жана аткаруу актысын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Президент Садыр Жапаров 16-майда №29 Свердлов округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Мунун алдында 15-майда Боршайкомдун жыйынында шайлоо дайындоо боюнча президентке сунуш жолдогон.

БШК 7-майда бул округдан шайланып депутат болгон Шайлообек Атазовду Жогорку соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыраткан. Абдурахманхажи Муртазалиев депутаттык мандат ага берилбегени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына каршы Башкы прокуратурага кайрылган. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG