Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Баткенде сабакка келбей эле окуусун уланткан студенттер аныкталды


Коррупция аныкталган окуу жай. Сүлүктү. Баткен. Июнь, 2024
Коррупция аныкталган окуу жай. Сүлүктү. Баткен. Июнь, 2024

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Баткен мамлекеттик университетине (БатМУ) караштуу Сүлүктү гуманитардык экономикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө мыйзамсыз иштер аныкталганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 4-июнда маалымдагандай, аталган окуу жайда айлап-жылдап сабакка келбей, тест, экзамен тапшырбай жүргөн айрым студенттердин андан ары билим алуусун улантуусуна мүмкүнчүлүк берилген.

Маалыматта: "институттун жооптуу кызматкерлери студенттер менен тил табышып, бул фактыны жашырып, студенттердин катышуусуз алардын андан ары билим алышына уруксат беришкен. Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргызстандын чегинен тышкары жана өлкөнүн башка аймактарында жашап жүргөнү аныкталган" деп жазылган.

Ошондой эле институттун ишмердүүлүгүн толук текшерүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзгөн. Жыйынтыгында аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар, анын ичинде кадрлык мыйзам бузуулар бар экени такталды.

Учурда аталган институттун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызматкерлердин жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК мурдагы жылдары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары окубай туруп диплом алганын аныктаганын кабарлаган. Ага ылайык, Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма деп таанылып, кийинчерээк мандатынан ажыратылган.

Мурдараак "Бутүн Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Орозайым Нарматованын мандаты да диплом чырына байланыштуу алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG