Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Муфтият Сузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча кайрылуу жасады


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имараты.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имараты.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуя тууралуу кайрылуу жасады.

Муфтият Кыргызстандын өз алдынча, эгемен мамлекет экенин далилдеген негизги белгилерге мамлекеттик туу, герб жана гимн кирерин, ал баалуулуктарды барктоо зарыл экенин билдирди.

“Диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу”, - деп айтылат маалыматта.

Белгисиз адамдар 30-майга караган түнү Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Бул мектептерде окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүрөт.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 30-майга оогон түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгон. Саат таңкы 04:15 чамасында Сузак райондук милициясына Бек-Абад айылынын тургуну кабар берген. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) окуя болгон айылда 31-майда “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” уюмунун мүчөсү деп шек саналган алты киши кармалганын 1-июнда билдирди. Бирок желекке байланыштуу окуяга алардын тиешеси бар же жогу айтылган эмес.

Милиция шектүүлөр изделип жатканын, аймакта түшүндүрүү иштери башталганын маалымдаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG