Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Шаардык сот "Клооп" сайтын жабуу чечимин мыйзамдуу деп тапты


“Клооптун” сайты.
“Клооптун” сайты.

3-июнда Бишкек шаардык соту kloop.kg сайтынын жабылышы боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин апелляциялык арызын карап, сайттын жабылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу “Клооп” Телеграмдагы каналына жазды.

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. Министрлик ага каршы шаардык сотко кайрылган.

“Клооптун” адвокаты Фатима Якупбаева Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко арыз берилерин айтты.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Аталган министрлик былтыр ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop Media порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар сынга алып, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Ал ушул тапта да ишин улантып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG