Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда карала баштайт


16-январда кармалган 11 журналист.
16-январда кармалган 11 журналист.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши Бишкектин Ленин райондук сотунда 7-июндан тарта карала баштайт. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кыларын журналисттер Сайпидин Султаналиев менен Жоодар Бузумовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сот 7-июнда саат 15:00дө жабык каралары белгиленген. Алдын ала соттук отурумда кылмыш ишин кыскартуу, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралат.

Ишти Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтомду 10-майда Биринчи Май райондук соту чыгарган. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун "токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Ички иштер министрлиги быйыл 16-январда журналисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар 13-мартка чейин камалган. Кийин жетөө ар кандай себептер менен үй камагына чыккан. Ушул тапта тергөө абагында төрт журналист: “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG